АКЦИЯНЫ ӨТКӨРҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ

Жарыяланган күнү: «12» февралда 2026-ж.

1. Жалпы жоболор

1.1. Ушул акция (мындан ары — «Акция») маркетингдик иш-чара болуп саналат, ал лотерея же кумар оюну эмес, катышуу үчүн төлөм талап кылбайт, тобокелдин же утуунун туура келүү кокустугунун элементтерин камтыбайт жана ушул Акциясын өткөрүү эрежелерине (мындан ары — «Эрежелер») ылайык жүргүзүлөт. Эрежелер Интернет тармагында төмөнкү дарек боюнча жайгашкан: https://go.yandex/ky_kg/doc/taxi/bakai/2025.

Акция «БАКАЙ БАНК» ААК тарабынан чыгарылган Төлөм карталарын илгерилетүүгө багытталган.

1.2. Акциянын уюштуруучусу — «БАКАЙ БАНК» ААК, каттоо номери: 8671-3301-ОАО, КРУБ лицензиясы № 043 22.06.2017-ж., юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Мичурин көчөсү 56.

1.3. Акциянын тең уюштуруучусу — «СапарТех КейДжи» ЖЧКсы, каттоо номери 204361-3300-ООО, жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Горький көчөсү ½.

1.4. Акция Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлөт.

1.5. Акциянын башталган күнү: 25.11.2025-жыл.

1.6. Акциянын аяктаган күнү: 12.03.2026-жыл.

2. Эрежелерде колдонулган терминдер жана аныктамалар

Акциянын активдештирилиши — Эрежелердин 3-бөлүмүнө ылайык аракеттерди жасоо, бул Колдонуучунун Акцияга катышууга макулдугун тастыктайт.

Яндекс Go (Яндекс.Такси) сервиси — маалыматтык кызмат, ал Колдонуучулар тарабынан https://yandex.com/legal/yandexgo_termsofuse/дарегинде жайгашкан «Yandex.Taxi (Яндекс Go) сервисин колдонуу шарттары» деген документтин шарттарында колдонулат (мындан ары — «Колдонуучу келишими»). Колдонуучу келишими ушул Эрежелердин ажырагыс бир бөлүгү болуп эсептелет. Эрежелер текстинде Яндекс Go (Яндекс.Жеткирүү) сервисин мындан аркы эскерүүлөрү «Сервис» деген сөзү менен белгиленген. 

Арзандатуу — Яндекс Go (Яндекс.Такси) кызматы аркылуу буйрутма берилген учурда, Эрежелердин 4-бөлүмүндө көрсөтүлгөн шарттарга ылайык такси кызматтарына берилүүчү арзандатуу.

Колдонуучу — Яндекс Go (Яндекс.Такси) мобилдик колдонмосу аркылуу буйрутма берген Яндекс Go (Яндекс.Такси) Сервисинин колдонуучусу.

Төлөм картасы — «БАКАЙ БАНК» ААК тарабынан чыгарылган банк картасы, ал төмөнкү банктык идентификациялык номерлерге ээ: VISA 47142400; 

 VISA 42688200; VISA 42688400; VISA 45781100; VISA 42405093; Элкарт 941703; Элкарт 941704; Элкарт 941754.

Акцияга катышкан Төлөм карталарынын тизмеси Уюштуруучу тарабынан Колдонуучуларды кошумча эскертүүсүз бир тараптуу түрдө каалаган учурда өзгөртүлүшү мүмкүн.

Акциянын катышуучусу (Катышуучу) — Акциянын Эрежелерине ылайык келген, Акцияны активдештирген Колдонуучу.

3. Акцияга катышуу тартиби

3.1 Акцияга катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Яндекс Go мобилдик колдонмосу аркылуу Яндекс Go (Яндекс.Такси) Сервисинде авторизациядан өтүү;
  • Яндекс Go мобилдик колдонмосу аркылуу сапарга буйрутма бергенде төлөө ыкмасы катары «БАКАЙ БАНК» ААКтын Төлөм картасын тандоо (Акцияга катышууга уруксаты бар карталардын тизмеси «Ушул Эрежелерде колдонулган терминдер жана аныктамалар» бөлүмүндө көрсөтүлгөн) жана Яндекс Go мобилдик колдонмосунда кийинки сапар акысын төлөө үчүн картаны байлоо.

Ошону менен бирге, Төлөм картасы сапарга буйрутма кылууда жана сапар бүткөнгө чейин негизги төлөм каражаты катары көрсөтүлүшү керек;

  • Мобилдик колдонмо аркылуу сапарга буйрутма кылууда төлөм жүргүзүү үчүн Яндекс Go колдонмосунда байланган банк картасы аркылуу накталай эмес ыкма менен төлөөдө (жогоруда «Ушул Эрежелерде колдонулган терминдер жана аныктамалар» бөлүмүндө көрсөтүлгөндөй) Төлөм картасын тандоо.

Ошол эле учурда Төлөм картасы сапар буйрутмасын түзүүдө жана бүт сапар бою негизги төлөө каражаты катары көрсөтүлүшү керек.

  • байланган Төлөм картасынын жардамы менен Сервистин өнөктөштөрүндө жана алардын айдоочуларында сапар акысын Сервис аркылуу ийгиликтүү төлөө.

3.2. Колдонуучулар Яндекс Go мобилдик колдонмосундагы накталай эмес төлөө функциясы аркылуу Төлөм картасы менен төлөө жүргүзгөндө Акциянын Катышуучулары болушат.

3.3. Төлөм картасын байлоо Колдонуучу келишиминин эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.

3.4. Акцияга учурдагы жана жаңы байланган Төлөм карталары катышат.

4. Арзандатуу

4.1. Төлөм картасы боюнча арзандатуунун өлчөмү Төлөм картасы мурда Сервиске байланганбы же жокпу — ошондон көз каранды жана төмөнкү өлчөмдү түзөт:

Колдонуучулар категориясы

Арзандатуунун өлчөмү жана шарттары

Мурда Сервиске байланган Төлөм картасы аркылуу накталай эмес төлөм ыкмасын колдонбогон Колдонуучулар үчүн

Төлөм картасы байланган учурдан тартып Акциянын аяктоо мөөнөтүнө чейин бир календардык айдын ичинде 8 буйрутмага 30% арзандатуу (бирок 90 сомдон ашпаган өлчөмдө)

Төлөм картасын Сервисте мурда колдонбогон (жана байлап да көрбөгөн) Колдонуучулар үчүн

Төлөм картасы байланган учурдан тартып Акциянын аяктоо мөөнөтүнө чейин бир календардык айдын ичинде алгачкы 5 буйрутмага 30% арзандатуу (бирок 90 сомдон ашпаган өлчөмдө)

4.2. Арзандатуу байланган Төлөм картасынан берилген «чайпулга» иштебейт.

4.3. Учурдагы сапардын алкагында төлөө ыкмасы өзгөртүлсө, Арзандатуу берилбейт. Мында төлөө ыкмасынын өзгөртүлүшү кандай жол менен ишке ашканы маанилүү эмес — Колдонуучунун демилгеси боюнчабы же Сервистин демилгеси боюнча автоматтык түрдө өзгөртүлгөнбү (анын ичинде Төлөм картасында жетиштүү акча каражаты болбогон учурда дагы).

5. Акциянын Уюштуруучусунун укуктары жана милдеттери

5.1. Акциянын уюштуруучусу Акцияны ушул Эрежелер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аныктаган тартипте өткөрүүгө милдеттенет.

5.2. Акциянын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын күчүндөгү мыйзамдарында жана талаштуу жагдайлар келип чыккан учурларда каралган учурлардан тышкары, Акциянын Катышуучулары менен жазуу жүзүндө сүйлөшүүлөрдү же башка байланыштарды жүргүзбөөгө укуктуу.

5.3. Тең уюштуруучу Катышуучуларга Сервистин функционалын «as is» форматында колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет, Яндекс Go мобилдик колдонмосунун ишинде техникалык каталардын жоктугуна жана Сервистин туруктуу жеткиликтүү болушуна же үзгүлтүксүз иштешине кепилдик бербейт.

Уюштуруучу жана Тең уюштуруучу Арзандатууларды берүү (же колдонуу) мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышат, бирок Катышуучуларды Арзандатуулар тууралуу маалымдоого жана алардын колдонулушуна кепилдик берүүгө жоопкерчилик алышпайт. Катышуучу Акцияга өз алдынча катышат, ошондой эле Арзандатууну пайдалануу чечимин да өз алдынча чыгарат.

5.4. Уюштуруучу, Тең уюштуруучулар Акцияга Катышуучунун катышуусун жараксыз деп таануу укугуна ээ, Акциянын Катышуучусуна Арзандатууларды берүүдөн баш тартуу укугуна ээ, анын ичинде буйрутма жокко чыгарылган учурда да.

5.5. Уюштуруучу, Тең уюштуруучу Акциянын Катышуучусу Арзандатууларды алууга жана колдонууга кошумча кетириши мүмкүн болгон чыгымдардын ордун толтуруп бербейт.

6. Башка шарттар

6.1. Уюштуруучу бул Акцияны убактылуу токтотуу же аяктоо, же анын шарттарын каалаган убакта себептерин түшүндүрбөстөн өзгөртүү укугун өзүндө калтырат. Акциянын шарттарын убактылуу токтотуу/бүтүрүү/өзгөртүү тууралуу маалымат www.bakai.kg сайтында жана go.bakai.kg шилтемесинде жайгашкан.

6.2. Ушул Эрежелердин 3.1-пунктунда көрсөтүлгөн аракеттерди аткаруу менен Катышуучу бул Эрежелерде сүрөттөлгөн Акциянын өткөрүү тартиби жана шарттары менен толук жана талашсыз макул болгонун тастыктайт.

6.3. Катышуучулар Акцияны уюштурууга байланыштуу даттанууларды Сервис аркылуу же түздөн-түз Уюштуруучуга төмөнкү электрондук почта дареги боюнча жөнөтө алышат: bank@bakai.kg.

6.4. Арзандатуулар ушул Эрежелерге гана ылайык берилет. Накталай акча менен Арзандатууну компенсациялоо мүмкүн эмес. Уюштуруучу жана Тең уюштуруучу Акцияга катышууга байланыштуу Катышуучунун чыгымдарын, жоготууларын же башка сарптоолорун кайтарып бербейт жана ордун толтурбайт.

6.5. Арзандатууну адилетсиз жол менен алууга каршы аракет көрүү максатында, Уюштуруучу жана/же Тең уюштуруучу Колдонуучулар тарабынан мыйзамсыз же адилетсиз аракеттерди аныктоо үчүн бул Эрежелерде түздөн-түз көрсөтүлбөгөн текшерүү ыкмаларын колдонууга укуктуу. Уюштуруучу жана/же Тең уюштуруучу ушул Эрежелердин жана Кыргыз Республикасынын күчүндөгү мыйзамдарынын шарттарын бузууга негиздүү шектенүүлөр болгон учурда, өз ыктыяры менен адамга Катышуучу макамын берүүдөн баш тартууга укуктуу. Эгер ушул пунктта көрсөтүлгөн жагдайлар Арзандатуу берилгенден кийин аныкталса, Арзандатуу 5 (беш) иш күндүн ичинде автоматтык түрдө жокко чыгарылат, мындан улам Колдонуучуга карата Арзандатууну эсепке албастан сапардын толук наркы колдонулат.

Уюштуруучу жана/же Тең уюштуруучу төмөнкү мүнөздөмөлөргө таянып, өз ыктыяры боюнча кыянаттык колдонуу жана/же адилетсиз аракет катары баалоого укуктуу:

  • Катышуучу Акцияга катышуу аркылуу кадимки шарттарда берилбеген пайда алат;
  • Катышуучу арзандатууларды алуу максатында бир учурда Сервиске байланган бир нече Төлөм карталарын колдонгон учурда;
  • Катышуучу катталган же башка адамдардын, жараксыз же жасалма маалыматтарды колдонуу аркылуу Сервистин жеткиликтүүлүгүн колдонгон учурда;
  • Катышуучу арзандатууларды үчүнчү жактарга берген, сатып жиберген жана (же) башка жол менен берген учурда;
  • Катышуучу бөгөттү (чектөөлөрдү) айланып өтүү аракетин көрүп, бөгөттөөдөн кийин кайрадан катталган учурда;
  • Катышуучу алдамчылык, укукту кыянаттык менен пайдалануу же адилетсиз жүрүм-турум белгилери бар аракеттерди жасаган.

7. Эрежелерди ар түрдүү түшүнүүгө мүмкүн болгон жагдайлар жана/же ушул Эрежелерде жөнгө салынбаган маселелер жаралган учурда, мындай жагдайларды чечүү жана/же түшүндүрмө берүү боюнча акыркы чечимди түздөн-түз жана толугу менен Уюштуруучу кабыл алат.