АКЦИЯНЫ ӨТКӨРҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ

Жарыяланган күнү: «6» 07. 2026-ж.

1. Жалпы жоболор

1.1. Бул акция (мындан ары — «Акция») маркетингдик иш-чара болуп саналат, лотерея же кумар оюну болуп эсептелбейт, катышуу үчүн акы төлөөнү талап кылбайт, тобокелдик элементтерин же утуштун кокусунан чыгып калуусун камтыбайт жана Интернет тармагындагы www.bakai.kg дарегинде жана go.bakai.kg шилтемеси боюнча жайгашкан ушул Акцияны өткөрүүнүн эрежелерине (мындан ары — «Эрежелер») ылайык өткөрүлөт.

Акция «БАКАЙ БАНК» ААК тарабынан чыгарылган Төлөм карталарын илгерилетүүгө багытталган.

1.2. Акциянын уюштуруучусу — «БАКАЙ БАНК» ААК, каттоо номери: 8671-3301-ОАО, КРУБдун 22.06.2017-ж. № 043 лицензиясы, юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Мичурин көч., 56.

1.3. Акциянын тең уюштуруучусу — «СапарТех КейДжи» ЖЧКсы, каттоо номери 204361-3300-ООО, жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Горький көч., ½.

1.4. Акция Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлөт.

1.5. Акциянын башталган күнү: 06.07.2026-жыл.

1.6. Акциянын аяктаган күнү: 06.10.2026-жыл.

2. Эрежелерде колдонулган терминдер жана аныктамалар

Акцияны активдештирүү — Колдонуучунун Акцияга катышууга макулдугун тастыктаган Эрежелердин 3-бөлүмүнө ылайык аракеттерди жасоо.

Яндекс Go (Яндекс.Такси) сервиси — маалыматтык сервис, ал Колдонуучулар тарабынан Интернет тармагындагы https://yandex.com/legal/yandexgo_termsofuse/ дареги боюнча жайгашкан «Yandex.Taxi (Яндекс Go) сервисин колдонуу шарттары» документинин (мындан ары — «Колдонуучу келишими») шарттарында колдонулат. Колдонуучу келишими ушул Эрежелердин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Эрежелердин текстинде Яндекс Go (Яндекс.Такси) сервисинин мындан аркы бардык эскерүүлөрү «Сервис» аныктамасы менен белгиленген. 

Арзандатуу — Эрежелердин 4-бөлүмүндө көрсөтүлгөн шарттарга ылайык, Яндекс Go (Яндекс.Такси) сервиси аркылуу буйрутма бергенде такси кызматтарына берилүүчү арзандатуу. Арзандатуу унаанын акылуу келүүсүнө жана күтүү наркына иштебейт.

Колдонуучу — Яндекс Go (Яндекс.Такси) мобилдик колдонмосу аркылуу буйрутма берген Сервистин колдонуучусу.

Төлөм картасы — «БАКАЙ БАНК» ААК тарабынан чыгарылган, төмөнкүдөй банктык идентификациялык номерлерге ээ болгон Банктык карта:

VISA 47142400; VISA 42688200; VISA 42688400; VISA 45781100; Элкарт 941703; Элкарт 941754; Мастеркард 53142513; Мастеркард 54299773.

Акциянын катышуучусу (Катышуучу) — Акциянын эрежелерине ылайык келген, Акцияны активдештирген Колдонуучу.

3. Акцияга катышуунун тартиби

3.1 Акцияга катышуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:

  • Яндекс Go мобилдик колдонмосу аркылуу Сервисте авторизациядан өтүү;
  • Яндекс Go мобилдик колдонмосу аркылуу сапарга буйрутма берүүдө, Яндекс Go мобилдик колдонмосунда сапардын баасын кийин төлөө үчүн, байлоо аркылуу Төлөм картасын төлөм ыкмасы катары тандоо.

Ошондой эле, Төлөм картасы сапарга буйрутма берүүдө жана сапар бүткөнчө негизги төлөм каражаты катары көрсөтүлгөн болушу керек;

  • байланган Төлөм картасынын жардамы менен сапардын баасын ийгиликтүү төлөө.

3.3. Төлөм картасын байлоо Колдонуучу келишиминин эрежелерине ылайык ишке ашырылат.

3.4. Акцияга жаңы жана учурдагы байланган Төлөм карталары катышат.

4. Арзандатуу

4.1. Арзандатуу төмөндө көрсөтүлгөн эрежелерге ылайык берилет:

Колдонуучулар категориясы

Арзандатуунун өлчөмү жана шарттары

Яндекс Go (Яндекс.Такси) сервисинде акыркы 6 айда накталай төлөм ыкмасын гана колдонгон, бирок бардык убакыт ичинде Төлөм картасы менен бир да жолу төлөбөгөн жана Яндекс Go (Яндекс.Такси) сервисинде бардык убакыт ичинде Төлөм картасын байлабаган Колдонуучулар

Төлөм картасы байланган учурдан тартып Акциянын мөөнөттү бүткөнгө чейин жана Акция аяктагандан кийин бир айдын ичинде алгачкы 5 буйрутмага 15% (бирок 50 сомдон ашык эмес).

Акыркы 6 айда Яндекс Go (Яндекс.Такси) сервисинде банк картасы менен жок дегенде бир жолу төлөгөн, бирок Яндекс Go (Яндекс.Такси) сервисин колдонгон бардык убакыт ичинде Төлөм картасы менен бир да жолу төлөбөгөн жана Яндекс Go (Яндекс.Такси) сервисинде аны колдонгон бардык убакыт ичинде Төлөм картасын байлабаган Колдонуучулар.

Төлөм картасы байланган учурдан тартып Акциянын мөөнөттү бүткөнгө чейин жана Акция аяктагандан кийин бир айдын ичинде алгачкы 5 буйрутмага 15% (бирок 50 сомдон ашык эмес).

6 ай мурда жана андан дагы мурун Яндекс Go (Яндекс.Такси) сервисинде Төлөм картасы менен төлөмдөрдү жүргүзүп, кийин токтотуп койгон, бирок акыркы 6 айда Яндекс Go (Яндекс.Такси) сервисинде сапарларды жасаган Колдонуучулар

Акциянын мөөнөтү аяктаганга чейин жана Акция аяктагандан кийин бир айдын ичинде 3 буйрутмага 5% (бирок 17 сомдон ашык эмес).

4.2. Арзандатуулар КРдин төмөнкү шаарларында «Комфорт» тарифиндеги сапарлардын буйрутмаларына гана иштейт: Бишкек, Манас, Каракол, Ош.

4.3. Арзандатуу байланган Төлөм картасынан берилген «чайпулдарга» иштебейт.

4.4. Учурдагы сапардын алкагында төлөм ыкмасы өзгөртүлгөн учурда Арзандатуу берилбейт. Ошол эле учурда төлөм ыкмасын өзгөртүү кандай жол менен демилгеленгени маанилүү эмес — Колдонуучунун демилгеси боюнчабы же Сервис тарабынан демилгеленген автоматтык өзгөртүүбү (анын ичинде Төлөм картасында жетиштүү акча каражаты жок болгон учурда).

5. Акциянын Уюштуруучусунун укуктары жана милдеттери

5.1. Акциянын уюштуруучусу Акцияны ушул Эрежелерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте өткөрүүгө милдеттенет.

5.2. Акциянын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган учурлардан жана талаш-тартыш жагдайлар пайда болгондон башка учурларда Акциянын катышуучулары менен жазуу жүзүндөгү сүйлөшүүлөргө же башка байланыштарга кирбөө укугун өзүнө калтырат.

5.3. Тең уюштуруучу Катышуучуларга Сервистин функционалын «as is» форматында колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет, Яндекс Go мобилдик колдонмосунун ишинде техникалык каталар жок экендигине жана Сервистин туруктуу жеткиликтүүлүгүнө жана иштөө жөндөмдүүлүгүнө кепилдик бербейт.

Уюштуруучу, Тең уюштуруучу Арзандатууларды берүү (колдонуу) мүмкүнчүлүгүн беришет, бирок Катышуучуларга Арзандатуулар жөнүндө маалымдоо үчүн жоопкерчилик тартышпайт жана алардын колдонулушуна кепилдик беришпейт. Катышуучу Акцияга өз алдынча катышат, ошондой эле Арзандатууну колдонуу жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алат.

5.4. Уюштуруучу, Тең уюштуруучулар Катышуучунун Акцияга катышуусун жараксыз деп таанууга, Акциянын катышуучусуна Арзандатууларды берүүдөн баш тартууга, анын ичинде буйрутма жокко чыгарылган учурда да укуктуу.

5.5. Уюштуруучу, Тең уюштуруучу Акциянын катышуучусу Арзандатууларды алууга жана пайдаланууга кетириши мүмкүн болгон кошумча чыгымдарды компенсациялабайт.

5.6. Акцияга катышкан Төлөм карталарынын тизмеси Уюштуруучу тарабынан каалаган убакта бир тараптуу тартипте, Колдонуучуларга кошумча кабарлоосуз өзгөртүлүшү мүмкүн.

6. Башка шарттар

6.1. Уюштуруучу себептерин түшүндүрбөстөн, каалаган убакта бул Акцияны өткөрүүнү токтото турууга, же токтотууга, же анын шарттарын өзгөртүү укугун өзүнө калтырат. Акциянын шарттарын токтото туруу/токтотуу/өзгөртүү жөнүндө маалымат www.bakai.kg сайтында жана go.bakai.kg. шилтемеси боюнча жайгаштырылат.

6.2. Ушул Эрежелердин 3.1-пунктунда каралган аракеттерди жасоо менен, Катышуучу ушул Эрежелерде жазылган Акцияны өткөрүүнүн тартиби жана шарттары менен толук жана сөзсүз макул болот.

6.3. Акцияны өткөрүүнү уюштурууга байланыштуу даттанууларды Катышуучулар Сервис аркылуу жана түздөн-түз Уюштуруучуга төмөнкү электрондук почта дареги боюнча жөнөтө алышат: DIALOG@bakai.kg.

Арзандатуунун колдонулбай калышы, Сервистин техникалык мүчүлүштүктөрү, ошондой эле Акциянын шарттарын колдонууда башка каталарга байланыштуу суроолор Яндекс Go Сервисинин колдоо кызматына жөнөтүлөт.

6.4. Арзандатуулар ушул Эрежелерге ылайык гана берилет. Арзандатуунун ордун накталай акча каражаттары менен толтуруу мүмкүн эмес. Уюштуруучу, Тең уюштуруучу Катышуучунун Акцияга катышуусуна байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон чыгымдарды, сарптоолорду жана башка ар кандай чыгашаларды төлөп беришпейт жана компенсациялашпайт.

6.5. Арзандатууну абийирсиз алууга каршы туруу максатында, Уюштуруучу жана/же Тең уюштуруучу Колдонуучулар тарабынан кыянаттык менен пайдаланууларды жана/же абийирсиз аракеттерди аныктоо үчүн ушул Эрежелерде түздөн-түз көрсөтүлбөгөн текшерүү ыкмаларын колдонуу укугун өзүнө калтырат. Уюштуруучу жана/же Тең уюштуруучу ушул Эрежелердин шарттарын жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузгандыгы тууралуу негиздүү шектенүүлөр болгон учурда, өз каалоосу боюнча жакка Катышуучу статусун берүүдөн баш тартууга укуктуу. Эгерде ушул пунктта көрсөтүлгөн жагдайлар Арзандатуу берилгенден кийин аныкталса, Арзандатуу 5 (беш) жумуш күндүн ичинде автоматтык түрдө жокко чыгарылат, буга байланыштуу Колдонуучуга Арзандатууну эсепке албастан сапардын толук баасы колдонулат.

Уюштуруучу жана/же Тең уюштуруучу төмөнкү мүнөздөмөлөргө таянып, кыянаттык менен пайдаланууну жана/же абийирсиз аракетти өз каалоосу боюнча аныктоого укуктуу:

  • Катышуучу Акцияга катышуудан кадимки катышуу шарттарында берилбей турчу пайдаларды алат;
  • Катышуучу арзандатууларды алуу үчүн Сервиске байланган бир нече Төлөм карталарын бир убакта колдонот;
  • Катышуучу башка бирөөнүн, жараксыз же жасалма маалыматтарын колдонуп Сервиске кирет же катталган;
  • Катышуучу арзандатууларды үчүнчү жактарга өткөрүп берген, саткан жана (же) башка жол менен берген;
  • Катышуучу бөгөттөөлөрдү (чектөөлөрдү) айланып өтүүгө аракет кылган, бөгөттөлгөндөн кийин кайрадан каттоодон өткөн;
  • Катышуучу алдамчылык, укуктан кыянаттык менен пайдалануу же абийирсиз жүрүм-турум белгилери бар аракеттерди жасаган.

7. Эрежелерди ар кандай чечмелөөгө жол берген жагдайлар жана/же ушул Эрежелер менен жөнгө салынбаган маселелер келип чыккан учурда, мындай чечмелөө жана/же түшүндүрмө боюнча акыркы чечим түздөн-түз жана бир гана Уюштуруучу тарабынан кабыл алынат.